КВАНТТЫК СААТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10 ноябрь 2025, саат 08:29 учурдагы нуска

КВАНТТЫК СААТ , а т о м с а а т ы – убакыт­ты эсептөөчү түзүлүш; анда жыштыгы квант­тык стандарт м-н башкарылуучу кварц генера­тору бар. Мында маятниктин милдетин атом аткарат. Анын жүрүшүн атомдордун бир энер­гиялык абалдан экинчи абалга өтүүдөгү нур­лануу жыштыгы жөнгө салат. Бул жыштык өтө турактуу (каталыгы 10–11– 10–13) болгондуктан, К. с. убакытты астр. ыкмадан да так өлчөөгө мүмкүндүк берет. К. с. жыштыктын кванттык стандарттардын жардамы м-н текшерилет. Биринчи К. с. 1955-ж. АКШда жасалган. Азыр­кы К. с-та кээде цезийлүү репер колдонулат. Ки­йинки мезгилде рубидийлүү К. с. кеңири та­раган. Ал кварц саатына салыштырганда өтө так болгондуктан, радионавигация система­ларында, астр. обсерваторияларда, ил. изилдөө­лөрдө, текшерүү, ченөө лабор-ларында ж. б. кол­донулат.