ГРАВИТАЦИЯЛЫК НУРЛАНУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
24 март 2024, саат 17:18 учурдагы нуска
ГРАВИТАЦИЯЛЫК НУРЛАНУУ – мейкиндикте жарык толкунундай таралуучу эркин гравитациялык талаа. Ал нерселердин бир калыпта эмес кыймылынын негизинде пайда болот. Гравитациялык толкундардын болушу Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясынан келип чыккан (к. Тартылуу). Г. н. зат м-н өтө начар аракеттенгендиктен, тажрыйбада аныктала элек. Анын жылт этишин табуу үчүн дүйнөнүн бир нече лабор-ларында атайын антенналар курулган. Коӊшу галактикада астрофиз. катастрофадан пайда болгон Г. н-нун жылт этүү узактыгы 10–3–10–4 секга созулуп, бир айда бир жолу байкалышы мүмкүн.