КАРА-ЧУҢКУР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 сентябрь 2025, саат 13:12 учурдагы нуска

КАРА-ЧУҢКУР – Ысык-Көл обл-нун Түп р-нун­дагы кыштак. Санташ айыл округуна караш­туу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Түп өрөөнү­нүн түндүгүндө, Түп – Каркыра автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1755 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 29 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. беке­тинен 220 км. Калкы 1488 (2007); негизинен мал м-н алектенип, тоют өсүмдүктөрүн даярда­шат. Орто мектеп, китепкана, оорукана, дары­кана ж-а мад-т үйү бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.