ИОРДАНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИОРДА&#769;НИЯ</b> , И о р д а н Х а ш и м и т К о&shy;р о л д у г у (Аль-Мамляка аль-Урдуния аль- Хашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндү&shy;гүнөн Сирия, чыгышынан ж-а түндүк-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн ж-а түштүк-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан ж-а түндүк-батышынан Израиль м-н чектешип, түштүк-батышынан Кы&shy;зыл деңиздин Акаба булуңу м-н чулганат. Аян&shy;ты 96,2 миң <i>км</i><sup>2 </sup>(Иордан дарыясынын батыш тара&shy;бындагы 6,6 миң <i>км</i><sup>2 </sup>жерди 1967-жылдан Из&shy;раиль басып алган). Калкы 5,9 млн, анын ичинде 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жа&shy;шайт (2008). Борбору – Амман шаары. Расмий ти&shy;ли – араб тили. Акча бирдиги – иордан динары. Административдик-аймактык жактан 12 мухафазага (губернатор&shy;лукка) бөлүнөт.
<b type='title'>ИОРДА&#769;НИЯ</b> , И о р д а н Х а ш и м и т К о&shy;р о л д у г у (Аль-Мамляка аль-Урдуния аль- Хашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндү&shy;гүнөн Сирия, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан жана түндүк-батышынан Израиль менен чектешип, түштүк-батышынан Кы&shy;зыл деңиздин Акаба булуңу менен чулганат. Аян&shy;ты 96,2 миң <i>км</i><sup>2 </sup>(Иордан дарыясынын батыш тара&shy;бындагы 6,6 миң <i>км</i><sup>2 </sup>жерди 1967-жылдан Из&shy;раиль басып алган). Калкы 5,9 млн, анын ичинде 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жа&shy;шайт (2008). Борбору – Амман шаары. Расмий ти&shy;ли – араб тили. Акча бирдиги – иордан динары. Административдик-аймактык жактан 12 мухафазага (губернатор&shy;лукка) бөлүнөт.


'''''Таблица'''''
'''''Таблица'''''


[[File:ИОРДАНИЯ56.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008).[Ред. Таблица чий]]]
[[File:ИОРДАНИЯ56.png | thumb | Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008).[Ред. Таблица чий]]]
Иордания – БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл ара&shy;лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) ж. б. мүчөсү.  
Иордания – БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл ара&shy;лык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) ж. б. мүчөсү.  


'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Иордания унитардык өлкө. Конституциясы 1952-жылы кабыл алынган. Баш&shy;каруу формасы – дуалисттик монархия. Мам&shy;лекеттин, аткаруу ж-а мыйзам чыгаруу бийли&shy;гинин башчысы король. Мамлекеттин аталы&shy;шы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухам&shy;мед пайгамбардын уруусунан чыгышына бай&shy;ланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги ко&shy;ролго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) ж-а Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дай&shy;ындалат) турган эки палаталуу парламентке – Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король м-н өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайын&shy;далат, ал эми премьер-министр өкмөттүн кура&shy;мын – министрлерди (королдун макулдугу ж-а Парламенттин колдоосу м-н) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Иорданияда жарандык, диний ж-а ата&shy;йын соттор бар.<br>Саясий партиялары: Иордания  араб улуттук демократиялык уюму, Иордания  эл биримдиги демократиялык партиясы, Ис&shy;лам кыймылы фронту, Араб социалисттик кайра жара&shy;луу партиясы, Иордания  профсоюздарынын конфеде&shy;рациясы.
'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Иордания унитардык өлкө. Конституциясы 1952-жылы кабыл алынган. Баш&shy;каруу формасы – дуалисттик монархия. Мам&shy;лекеттин, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийли&shy;гинин башчысы король. Мамлекеттин аталы&shy;шы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухам&shy;мед пайгамбардын уруусунан чыгышына бай&shy;ланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги ко&shy;ролго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) жана Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дай&shy;ындалат) турган эки палаталуу парламентке – Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король менен өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайын&shy;далат, ал эми премьер-министр өкмөттүн кура&shy;мын – министрлерди (королдун макулдугу жана Парламенттин колдоосу менен) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Иорданияда жарандык, диний жана ата&shy;йын соттор бар.<br>Саясий партиялары: Иордания  араб улуттук демократиялык уюму, Иордания  эл биримдиги демократиялык партиясы, Ис&shy;лам кыймылы фронту, Араб социалисттик кайра жара&shy;луу партиясы, Иордания  профсоюздарынын конфеде&shy;рациясы.


'''Табияты.''' Иорданиянын басымдуу бөлүгүн денудация&shy;лык түздүктөр ж-а супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харрат&shy;эр-Ружайла), жапыз калдык тоолор ж-а шор&shy;тоң ойдуңдар м-н татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар <i>(вади)</i> м-н өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоо-[[File:ИОРДАНИЯ55.png | thumb | Жансыз деңиздеги пляж.]]
'''Табияты.''' Иорданиянын басымдуу бөлүгүн денудация&shy;лык түздүктөр жана супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харрат&shy;эр-Ружайла), жапыз калдык тоолор жана шор&shy;тоң ойдуңдар менен татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар <i>(вади)</i> менен өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоо-[[File:ИОРДАНИЯ55.png | thumb | Жансыз деңиздеги пляж.]]
лору (бийиктиги 1757 <i>м</i>, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тек&shy;тоникалык Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк <i>Жансыз де&shy;ңиз</i> (көлдүн деңгээли деңиз деңгээлинен 418 <i>м</i> төмөн) жайгашып, ага Иордан дарыясы куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун ал&shy;ган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июл&shy;да 24–30°С), кышы жылуу (январда 8–14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500–700 <i>мм</i>, чыгышында 100 <i>мм</i>ге чейин. Туруктуу аккан
лору (бийиктиги 1757 <i>м</i>, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тек&shy;тоникалык Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк <i>Жансыз де&shy;ңиз</i> (көлдүн деңгээли деңиз деңгээлинен 418 <i>м</i> төмөн) жайгашып, ага Иордан дарыясы куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун ал&shy;ган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июл&shy;да 24–30°С), кышы жылуу (январда 8–14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500–700 <i>мм</i>, чыгышында 100 <i>мм</i>ге чейин. Туруктуу аккан


[[File:ИОРДАНИЯ54.png | thumb | Сирия чөлү.]]
[[File:ИОРДАНИЯ54.png | thumb | Сирия чөлү.]]


дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен кур&shy;ма пальмасы өсөт). Иорданиянын аймагынын 1%те&shy;йин токой ээлейт. Иорданияда жалпы аянты 913,3 миң <i>га</i> болгон корукка алынган 11 аймак, анын ичинде Вади- Рам, Петра улуттук парктары, Дана биосфера&shy;лык резерваты ж. б. бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.  
дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен кур&shy;ма пальмасы өсөт). Иорданиянын аймагынын 1%те&shy;йин токой ээлейт. Иорданияда жалпы аянты 913,3 миң <i>га</i> болгон корукка алынган 11 аймак, анын ичинде Вади- Рам, Петра улуттук парктары, Дана биосфера&shy;лык резерваты ж. б. бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.  


'''Калкы.''' Калкынын 95%тейи арабдар (иорда&shy;ниялыктар, палестиналыктар, ирактар, сирия&shy;лыктар, сауд арабдары ж. б.); калгандары «чер&shy;кестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербай&shy;жандар, күрддөр, англистер ж. б. Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. Иорданиянын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери – калктын таби&shy;гый өсүүсү (3,7%) ж-а миграциялык агым (не&shy;гизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагы&shy;лар (15–64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин
'''Калкы.''' Калкынын 95%тейи арабдар (иорда&shy;ниялыктар, палестиналыктар, ирактар, сирия&shy;лыктар, сауд арабдары ж. б.); калгандары «чер&shy;кестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербай&shy;жандар, күрддөр, англистер ж. б. Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. Иорданиянын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери – калктын таби&shy;гый өсүүсү (3,7%) жана миграциялык агым (не&shy;гизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагы&shy;лар (15–64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин


[[File:ИОРДАНИЯ53.png | thumb | Амман ш.]]
[[File:ИОРДАНИЯ53.png | thumb | Амман ш.]]
түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жа&shy;кыны христиандар. Ислам мамлекеттик дин болуп са&shy;налат. Калкынын орточо жыштыгы – 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы м-н 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң). '''Тарыхы.'''  Өлкө аймагын байыркы заманда се&shy;мит уруулары мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жыл&shy;дыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль ж-а Иудей падышалыктарына караган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан б. з. 2-кылымына чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети – На&shy;батей падышалыгы болгон. Иордания аймагына 2–4- кылымдарда Рим, 4-кылымда Византия, 7-кылымда арабдар, 11– 15-кылымдарда кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мам&shy;люктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, Иорданиянын калкы ислам динин ж-а араб тилин кабыл алган. 16-кылымдын башынан 1918-жылга чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Улуу Британия ман&shy;датындагы Палестинага кошулган. Колониячы&shy;лар 1921-жылы Иорданиянын бир бөлүгүндө (Иордан дарыясынын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны
түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жа&shy;кыны христиандар. Ислам мамлекеттик дин болуп са&shy;налат. Калкынын орточо жыштыгы – 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы менен 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң).  
 
'''Тарыхы.'''  Өлкө аймагын байыркы заманда се&shy;мит уруулары мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жыл&shy;дыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль жана Иудей падышалыктарына караган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан б. з. 2-кылымына чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети – На&shy;батей падышалыгы болгон. Иордания аймагына 2–4- кылымдарда Рим, 4-кылымда Византия, 7-кылымда арабдар, 11– 15-кылымдарда кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мам&shy;люктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, Иорданиянын калкы ислам динин жана араб тилин кабыл алган. 16-кылымдын башынан 1918-жылга чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Улуу Британия ман&shy;датындагы Палестинага кошулган. Колониячы&shy;лар 1921-жылы Иорданиянын бир бөлүгүндө (Иордан дарыясынын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны


[[File:ИОРДАНИЯ52.png | thumb | Эль-Карак – кресттүүлөрдүн сепили.]]
[[File:ИОРДАНИЯ52.png | thumb | Эль-Карак – кресттүүлөрдүн сепили.]]
сурап турган англиялык колониячылар бийлеген. 1928-жылы Трансиорданияга Улуу Британия өз мү&shy;дөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция м-н бекемделген. Ушулардан улам нааразычы&shy;лык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-жылы 25-майдан Англия–Иордания кели&shy;шиминин (22.3.1946) негизинде Иордания Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948–49-жылдардагы араб-из&shy;раиль согушунан улам Палестинанын борбордук ра&shy;йондору (Иордан дарыясынын батыш, Иерусалим&shy;дин чыгыш бөлүктөрү ж. б.) Иорданияга кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-жылы
сурап турган англиялык колониячылар бийлеген. 1928-жылы Трансиорданияга Улуу Британия өз мү&shy;дөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция менен бекемделген. Ушулардан улам нааразычы&shy;лык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-жылы 25-майдан Англия–Иордания кели&shy;шиминин (22.3.1946) негизинде Иордания Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948–49-жылдардагы араб-из&shy;раиль согушунан улам Палестинанын борбордук ра&shy;йондору (Иордан дарыясынын батыш, Иерусалим&shy;дин чыгыш бөлүктөрү ж. б.) Иорданияга кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-жылы


[[File:ИОРДАНИЯ51.png | thumb | Араб легионунун кавалериясы марш учурунда.]]  
[[File:ИОРДАНИЯ51.png | thumb | Араб легионунун кавалериясы марш учурунда.]]  
28 сап: 30 сап:


[[File:ИОРДАНИЯ50.png | thumb | none]]
[[File:ИОРДАНИЯ50.png | thumb | none]]
Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-жылы уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-жылы патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн ж-а ал 1956-жылы парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук социалисттик партия&shy;нын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-жылы февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, Иорданиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө арга&shy;сыз болгон. 1957-жылы апрелде король мамлекеттик төң&shy;көрүш жасоого аракеттенген С. Набулсинин Өк&shy;мөтүн кетирген. 1967-жылы кайрадан тутанган Из&shy;раиль м-н болгон согуштан соң, 1948–49-жылдардагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-жылы Иордания аскер&shy;лери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктар&shy;дын согуштук базаларын жок кылган. 1988-жылы Иордания Иордан дарыясынын батыш бөлүгү м-н болгон рас&shy;мий байланышын үзгөн. 1994-жылы Иордания ж-а Изра&shy;иль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты боюнча Израиль 1967-жылы басып алган ай&shy;мактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953–99-жылдарда башкарган) экономиканы көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либерал&shy;даштыруу ж-а Жакынкы Чыгыштагы абалды турук&shy;таштыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.  
Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-жылы уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-жылы патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн жана ал 1956-жылы парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук социалисттик партия&shy;нын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-жылы февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, Иорданиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө арга&shy;сыз болгон. 1957-жылы апрелде король мамлекеттик төң&shy;көрүш жасоого аракеттенген С. Набулсинин Өк&shy;мөтүн кетирген. 1967-жылы кайрадан тутанган Из&shy;раиль менен болгон согуштан соң, 1948–49-жылдардагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-жылы Иордания аскер&shy;лери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктар&shy;дын согуштук базаларын жок кылган. 1988-жылы Иордания Иордан дарыясынын батыш бөлүгү менен болгон рас&shy;мий байланышын үзгөн. 1994-жылы Иордания жана Изра&shy;иль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты боюнча Израиль 1967-жылы басып алган ай&shy;мактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953–99-жылдарда башкарган) экономиканы көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либерал&shy;даштыруу жана Жакынкы Чыгыштагы абалды турук&shy;таштыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.  


'''Экономикасы.''' Иордания – табигый ресурстарга жар&shy;ды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага ж-а башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; ошондой эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына 1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор.<br>ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8, өнөр жайыныкы 10,3, айыл чарбаныкы 3,9 (2006). 1967-жыл&shy;кы Израилдин агрессиялык саясатынан улам Иорданиянын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-жылы 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн <i>м</i><sup>3</sup>, Эль-Ариша аймагында) казылып алы&shy;нат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу Эз-Зарка шаарында жайгашкан. Чакан нефть-химия ишкана&shy;лары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу кара&shy;жаттарды чыгарат. 2006-жылы 9,2 млрд <i>кВт.с</i> электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук дарыясында ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 заводд иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, кислота, минералдык жер семирткичтер ж. б.) негизинен жергиликтүү ресурстар&shy;дын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш ма&shy;териалдардан акиташ теги, чопо, мрамор ж. б. казылып алынат; цемент чыгаруу өнөр жайы өнүккөн. Фосфор ж-а калий жер семирткичтери, фосфор к&shy;ислотасы, бром, күкүрт кислотасы, түрдүү химикаттар, кай&shy;натма туз өндүрүлөт. Фармацевтика өнөр жайы өнүк&shy;көн. Жансыз деңиздин тузунун ж-а баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим ж. б.), тамак-аш (сүт про&shy;дуктулары, зайтун майы, ун ж. б.) өнөр жайлары да өнүккөн.<br>Кургакчыл климат айыл чарбасынын өнүгүүсүнө тос&shy;коолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-кылымдын баш&shy;талышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө миг&shy;ранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баш&shy;таган. Аймагынын 6–7%ке жакыны айдалат (анын <sup>1</sup>/3 и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы – Иордан дарыясынын өрөөнү; ал жерде же&shy;миш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жү&shy;зүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, ошондой эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, ка&shy;пуста, жасмык ж. б. өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан дарыясына канал, Эз-Зарка, Эль-Каф&shy;райн, Шуайб ж. б. дарыяларда суу сактагычтар
'''Экономикасы.''' Иордания – табигый ресурстарга жар&shy;ды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага жана башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; ошондой эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына 1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор.<br>ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8, өнөр жайыныкы 10,3, айыл чарбаныкы 3,9 (2006). 1967-жыл&shy;кы Израилдин агрессиялык саясатынан улам Иорданиянын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-жылы 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн <i>м</i><sup>3</sup>, Эль-Ариша аймагында) казылып алы&shy;нат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу Эз-Зарка шаарында жайгашкан. Чакан нефть-химия ишкана&shy;лары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу кара&shy;жаттарды чыгарат. 2006-жылы 9,2 млрд <i>кВт.с</i> электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук дарыясында ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 заводд иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, кислота, минералдык жер семирткичтер ж. б.) негизинен жергиликтүү ресурстар&shy;дын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш ма&shy;териалдардан акиташ теги, чопо, мрамор ж. б. казылып алынат; цемент чыгаруу өнөр жайы өнүккөн. Фосфор жана калий жер семирткичтери, фосфор к&shy;ислотасы, бром, күкүрт кислотасы, түрдүү химикаттар, кай&shy;натма туз өндүрүлөт. Фармацевтика өнөр жайы өнүк&shy;көн. Жансыз деңиздин тузунун жана баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим ж. б.), тамак-аш (сүт про&shy;дуктулары, зайтун майы, ун ж. б.) өнөр жайлары да өнүккөн.<br>Кургакчыл климат айыл чарбасынын өнүгүүсүнө тос&shy;коолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-кылымдын баш&shy;талышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө миг&shy;ранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баш&shy;таган. Аймагынын 6–7%ке жакыны айдалат (анын <sup>1</sup>/3 и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы – Иордан дарыясынын өрөөнү; ал жерде же&shy;миш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жү&shy;зүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, ошондой эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, ка&shy;пуста, жасмык ж. б. өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан дарыясына канал, Эз-Зарка, Эль-Каф&shy;райн, Шуайб ж. б. дарыяларда суу сактагычтар


[[File:ИОРДАНИЯ49.png | thumb | Эчки жайыты.]]
[[File:ИОРДАНИЯ49.png | thumb | Эчки жайыты.]]
курулган. Бодо мал, төө, кой ж-а эчки асыра&shy;лат. Акаба булуңунан балык кармалат.<br>Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. 20дан ашык банк (анын ичинде Борбордук банк, Араб коммерциялык банкы ж. б.) ж-а Амман&shy;да фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо – ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы – Акаба булуңу м-н Жансыз деңиздин пляжда&shy;ры, ошондой эле деңизге жакын жайгашкан ысык бу&shy;лактар. Иорданияда авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб ж-а африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт.<br>Темир жолунун узундугу 505 <i>км</i>; негизги магистралы өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомо-
курулган. Бодо мал, төө, кой жана эчки асыра&shy;лат. Акаба булуңунан балык кармалат.<br>Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. 20дан ашык банк (анын ичинде Борбордук банк, Араб коммерциялык банкы ж. б.) жана Амман&shy;да фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо – ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы – Акаба булуңу менен Жансыз деңиздин пляжда&shy;ры, ошондой эле деңизге жакын жайгашкан ысык бу&shy;лактар. Иорданияда авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб жана африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт.<br>Темир жолунун узундугу 505 <i>км</i>; негизги магистралы өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомо-


'''''Иордания акчасы. Сүрөтү.'''''
'''''Иордания акчасы. Сүрөтү.'''''
40 сап: 42 сап:




биль жолунун жалпы узундугу 7,5 миң <i>км</i>; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта – Амман – Маан – Акаба; узундугу 320 <i>км</i>ден ашык); Эль-Мафрак–Ирактын чек арасына чейин. Не&shy;гизги туристтик трассасы: Амман–Иерусалим. Деңиз порту – Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 <i>км</i> түштүк тарапта), Акаба шаарларында эл аралык ири аэро&shy;порттору бар. Магистралдык куур транспорту&shy;нун жалпы узундугу 475 <i>км</i> (2006), анын ичинде газ куурунуку 426 <i>км</i> (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 <i>км</i>. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер се&shy;мирткич, фармацевтика продукцияларын, тек&shy;стиль ж-а тигилүү буюмдарды, жемиш ж. б. чы&shy;гарып, сырттан нефть, газ, машина ж-а жабдуу&shy;ларды, азык-түлүк, кездеме ж-а ийрилген жип ж. б. алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери ж. б. араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай.


<b>Маданияты</b>. Билим берүү системасы мектеп&shy;ке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жыл&shy;дык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 2004-жылы балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6–12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12–18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мек&shy;тептерде англис тили да окутулат. Өлкөдө 15тен ашык мамлекеттик ири университет, 10дон ашык менчик университет бар. 35 миңге жакын сту&shy;дент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ ж. б. араб өлкөлөрүндө билим алууда.<br>Амманда калк китепканасы (1958), университеттер&shy;дин китепканалары бар. Музейлери: археология, ис&shy;лам, элдик искусство ж-а кийим; Улуттук көркөм өнөр ж-а мозаика галереялары (баары Амманда). Иорданияда 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дус&shy;тур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); радио уктуруу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. Иордания телекөрсөтүүлөрү эки канал боюнча, биринде – араб тилинде, экинчиси – чет элдик телекөр&shy;сөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис ж-а иврит тилдеринде чыгарылат.<br>Адабияты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иор&shy;дан адабиятынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси Иорданиянын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы м-н байланыштуу.<br>Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат.<br>Кабатай аска сүрөттөрү, эллин маданиятынын эсте&shy;ликтери сакталган. Рим мезгилинде архитектура м-н искусство гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын ку&shy;рамында Иордания орто кылымдагы араб-мусулман көркөм маданиятынын очогу болгон. Жаңы мезгил&shy;дин архитектурасына заманбап курулуштар мүнөздүү.<br>Жалпы арабдык ж-а улуттук салттардын жал&shy;пы европалык адабияттын ар кыл формалары м-н ай&shy;калышуусу Иордания адабиятынын негизги мүнөзүн анык&shy;тайт.<br>Элдик музыка м-н катар классикалык музы&shy;касы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симф. оркестр иштейт. 1950-жылдарда тары&shy;хый ж-а диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-жылы Амманда биринчи театр труппасы, 1951-жылы театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Музыка ж-а театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-жылы жаштарга ки&shy;нематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багыттал&shy;ган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшул&shy;ган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен А. Хасан ж-а Н. Хасан&shy;дын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман ш-нда кинофестиваль өткөрүлөт.
биль жолунун жалпы узундугу 7,5 миң <i>км</i>; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта – Амман – Маан – Акаба; узундугу 320 <i>км</i>ден ашык); Эль-Мафрак–Ирактын чек арасына чейин. Не&shy;гизги туристтик трассасы: Амман–Иерусалим. Деңиз порту – Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 <i>км</i> түштүк тарапта), Акаба шаарларында эл аралык ири аэро&shy;порттору бар. Магистралдык куур транспорту&shy;нун жалпы узундугу 475 <i>км</i> (2006), анын ичинде газ куурунуку 426 <i>км</i> (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 <i>км</i>. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер се&shy;мирткич, фармацевтика продукцияларын, тек&shy;стиль жана тигилүү буюмдарды, жемиш ж. б. чы&shy;гарып, сырттан нефть, газ, машина жана жабдуу&shy;ларды, азык-түлүк, кездеме жана ийрилген жип ж. б. алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери ж. б. араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай.
 
<b>Маданияты</b>. Билим берүү системасы мектеп&shy;ке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жыл&shy;дык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 2004-жылы балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6–12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12–18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мек&shy;тептерде англис тили да окутулат. Өлкөдө 15тен ашык мамлекеттик ири университет, 10дон ашык менчик университет бар. 35 миңге жакын сту&shy;дент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ ж. б. араб өлкөлөрүндө билим алууда.<br>Амманда калк китепканасы (1958), университеттер&shy;дин китепканалары бар. Музейлери: археология, ис&shy;лам, элдик искусство жана кийим; Улуттук көркөм өнөр жана мозаика галереялары (баары Амманда). Иорданияда 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дус&shy;тур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); радио уктуруу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. Иордания телекөрсөтүүлөрү эки канал боюнча, биринде – араб тилинде, экинчиси – чет элдик телекөр&shy;сөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис жана иврит тилдеринде чыгарылат.<br>Адабияты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иор&shy;дан адабиятынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси Иорданиянын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы менен байланыштуу.<br>Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат.<br>Кабатай аска сүрөттөрү, эллин маданиятынын эсте&shy;ликтери сакталган. Рим мезгилинде архитектура менен искусство гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын ку&shy;рамында Иордания орто кылымдагы араб-мусулман көркөм маданиятынын очогу болгон. Жаңы мезгил&shy;дин архитектурасына заманбап курулуштар мүнөздүү.<br>Жалпы арабдык жана улуттук салттардын жал&shy;пы европалык адабияттын ар кыл формалары менен ай&shy;калышуусу Иордания адабиятынын негизги мүнөзүн анык&shy;тайт.<br>Элдик музыка менен катар классикалык музы&shy;касы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симф. оркестр иштейт. 1950-жылдарда тары&shy;хый жана диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-жылы Амманда биринчи театр труппасы, 1951-жылы театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Музыка жана театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-жылы жаштарга ки&shy;нематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багыттал&shy;ган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшул&shy;ган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен А. Хасан жана Н. Хасан&shy;дын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман шаарында кинофестиваль өткөрүлөт.





05:46, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы

ИОРДА́НИЯ , И о р д а н Х а ш и м и т К о­р о л д у г у (Аль-Мамляка аль-Урдуния аль- Хашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндү­гүнөн Сирия, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан жана түндүк-батышынан Израиль менен чектешип, түштүк-батышынан Кы­зыл деңиздин Акаба булуңу менен чулганат. Аян­ты 96,2 миң км2 (Иордан дарыясынын батыш тара­бындагы 6,6 миң км2 жерди 1967-жылдан Из­раиль басып алган). Калкы 5,9 млн, анын ичинде 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жа­шайт (2008). Борбору – Амман шаары. Расмий ти­ли – араб тили. Акча бирдиги – иордан динары. Административдик-аймактык жактан 12 мухафазага (губернатор­лукка) бөлүнөт.

Таблица

Файл:ИОРДАНИЯ56.png
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008).[Ред. Таблица чий]

Иордания – БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл ара­лык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конференциясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Иордания унитардык өлкө. Конституциясы 1952-жылы кабыл алынган. Баш­каруу формасы – дуалисттик монархия. Мам­лекеттин, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийли­гинин башчысы король. Мамлекеттин аталы­шы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухам­мед пайгамбардын уруусунан чыгышына бай­ланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги ко­ролго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) жана Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дай­ындалат) турган эки палаталуу парламентке – Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король менен өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайын­далат, ал эми премьер-министр өкмөттүн кура­мын – министрлерди (королдун макулдугу жана Парламенттин колдоосу менен) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Иорданияда жарандык, диний жана ата­йын соттор бар.
Саясий партиялары: Иордания араб улуттук демократиялык уюму, Иордания эл биримдиги демократиялык партиясы, Ис­лам кыймылы фронту, Араб социалисттик кайра жара­луу партиясы, Иордания профсоюздарынын конфеде­рациясы.

Табияты. Иорданиянын басымдуу бөлүгүн денудация­лык түздүктөр жана супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харрат­эр-Ружайла), жапыз калдык тоолор жана шор­тоң ойдуңдар менен татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар (вади) менен өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоо-

Файл:ИОРДАНИЯ55.png
Жансыз деңиздеги пляж.

лору (бийиктиги 1757 м, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тек­тоникалык Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк Жансыз де­ңиз (көлдүн деңгээли деңиз деңгээлинен 418 м төмөн) жайгашып, ага Иордан дарыясы куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун ал­ган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июл­да 24–30°С), кышы жылуу (январда 8–14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500–700 мм, чыгышында 100 ммге чейин. Туруктуу аккан

Файл:ИОРДАНИЯ54.png
Сирия чөлү.

дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен кур­ма пальмасы өсөт). Иорданиянын аймагынын 1%те­йин токой ээлейт. Иорданияда жалпы аянты 913,3 миң га болгон корукка алынган 11 аймак, анын ичинде Вади- Рам, Петра улуттук парктары, Дана биосфера­лык резерваты ж. б. бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.

Калкы. Калкынын 95%тейи арабдар (иорда­ниялыктар, палестиналыктар, ирактар, сирия­лыктар, сауд арабдары ж. б.); калгандары «чер­кестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербай­жандар, күрддөр, англистер ж. б. Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. Иорданиянын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери – калктын таби­гый өсүүсү (3,7%) жана миграциялык агым (не­гизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагы­лар (15–64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин

Файл:ИОРДАНИЯ53.png
Амман ш.

түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жа­кыны христиандар. Ислам мамлекеттик дин болуп са­налат. Калкынын орточо жыштыгы – 1 км2 жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы менен 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң).

Тарыхы. Өлкө аймагын байыркы заманда се­мит уруулары мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жыл­дыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль жана Иудей падышалыктарына караган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан б. з. 2-кылымына чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети – На­батей падышалыгы болгон. Иордания аймагына 2–4- кылымдарда Рим, 4-кылымда Византия, 7-кылымда арабдар, 11– 15-кылымдарда кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мам­люктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, Иорданиянын калкы ислам динин жана араб тилин кабыл алган. 16-кылымдын башынан 1918-жылга чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Улуу Британия ман­датындагы Палестинага кошулган. Колониячы­лар 1921-жылы Иорданиянын бир бөлүгүндө (Иордан дарыясынын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны

Файл:ИОРДАНИЯ52.png
Эль-Карак – кресттүүлөрдүн сепили.

сурап турган англиялык колониячылар бийлеген. 1928-жылы Трансиорданияга Улуу Британия өз мү­дөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция менен бекемделген. Ушулардан улам нааразычы­лык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-жылы 25-майдан Англия–Иордания кели­шиминин (22.3.1946) негизинде Иордания Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948–49-жылдардагы араб-из­раиль согушунан улам Палестинанын борбордук ра­йондору (Иордан дарыясынын батыш, Иерусалим­дин чыгыш бөлүктөрү ж. б.) Иорданияга кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-жылы

Файл:ИОРДАНИЯ51.png
Араб легионунун кавалериясы марш учурунда.


Файл:ИОРДАНИЯ50.png

Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-жылы уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-жылы патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн жана ал 1956-жылы парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук социалисттик партия­нын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-жылы февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, Иорданиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө арга­сыз болгон. 1957-жылы апрелде король мамлекеттик төң­көрүш жасоого аракеттенген С. Набулсинин Өк­мөтүн кетирген. 1967-жылы кайрадан тутанган Из­раиль менен болгон согуштан соң, 1948–49-жылдардагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-жылы Иордания аскер­лери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктар­дын согуштук базаларын жок кылган. 1988-жылы Иордания Иордан дарыясынын батыш бөлүгү менен болгон рас­мий байланышын үзгөн. 1994-жылы Иордания жана Изра­иль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты боюнча Израиль 1967-жылы басып алган ай­мактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953–99-жылдарда башкарган) экономиканы көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либерал­даштыруу жана Жакынкы Чыгыштагы абалды турук­таштыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.

Экономикасы. Иордания – табигый ресурстарга жар­ды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага жана башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; ошондой эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына 1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор.
ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8, өнөр жайыныкы 10,3, айыл чарбаныкы 3,9 (2006). 1967-жыл­кы Израилдин агрессиялык саясатынан улам Иорданиянын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-жылы 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн м3, Эль-Ариша аймагында) казылып алы­нат. Нефть ылгоочу жалгыз заводу Эз-Зарка шаарында жайгашкан. Чакан нефть-химия ишкана­лары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу кара­жаттарды чыгарат. 2006-жылы 9,2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук дарыясында ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 заводд иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, кислота, минералдык жер семирткичтер ж. б.) негизинен жергиликтүү ресурстар­дын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш ма­териалдардан акиташ теги, чопо, мрамор ж. б. казылып алынат; цемент чыгаруу өнөр жайы өнүккөн. Фосфор жана калий жер семирткичтери, фосфор к­ислотасы, бром, күкүрт кислотасы, түрдүү химикаттар, кай­натма туз өндүрүлөт. Фармацевтика өнөр жайы өнүк­көн. Жансыз деңиздин тузунун жана баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим ж. б.), тамак-аш (сүт про­дуктулары, зайтун майы, ун ж. б.) өнөр жайлары да өнүккөн.
Кургакчыл климат айыл чарбасынын өнүгүүсүнө тос­коолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-кылымдын баш­талышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө миг­ранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баш­таган. Аймагынын 6–7%ке жакыны айдалат (анын 1/3 и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы – Иордан дарыясынын өрөөнү; ал жерде же­миш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жү­зүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, ошондой эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, ка­пуста, жасмык ж. б. өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан дарыясына канал, Эз-Зарка, Эль-Каф­райн, Шуайб ж. б. дарыяларда суу сактагычтар

Файл:ИОРДАНИЯ49.png
Эчки жайыты.

курулган. Бодо мал, төө, кой жана эчки асыра­лат. Акаба булуңунан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. 20дан ашык банк (анын ичинде Борбордук банк, Араб коммерциялык банкы ж. б.) жана Амман­да фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо – ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы – Акаба булуңу менен Жансыз деңиздин пляжда­ры, ошондой эле деңизге жакын жайгашкан ысык бу­лактар. Иорданияда авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб жана африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт.
Темир жолунун узундугу 505 км; негизги магистралы өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомо-

Иордания акчасы. Сүрөтү.



биль жолунун жалпы узундугу 7,5 миң км; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта – Амман – Маан – Акаба; узундугу 320 кмден ашык); Эль-Мафрак–Ирактын чек арасына чейин. Не­гизги туристтик трассасы: Амман–Иерусалим. Деңиз порту – Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 км түштүк тарапта), Акаба шаарларында эл аралык ири аэро­порттору бар. Магистралдык куур транспорту­нун жалпы узундугу 475 км (2006), анын ичинде газ куурунуку 426 км (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 км. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер се­мирткич, фармацевтика продукцияларын, тек­стиль жана тигилүү буюмдарды, жемиш ж. б. чы­гарып, сырттан нефть, газ, машина жана жабдуу­ларды, азык-түлүк, кездеме жана ийрилген жип ж. б. алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери ж. б. араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай.

Маданияты. Билим берүү системасы мектеп­ке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жыл­дык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 2004-жылы балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6–12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12–18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мек­тептерде англис тили да окутулат. Өлкөдө 15тен ашык мамлекеттик ири университет, 10дон ашык менчик университет бар. 35 миңге жакын сту­дент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ ж. б. араб өлкөлөрүндө билим алууда.
Амманда калк китепканасы (1958), университеттер­дин китепканалары бар. Музейлери: археология, ис­лам, элдик искусство жана кийим; Улуттук көркөм өнөр жана мозаика галереялары (баары Амманда). Иорданияда 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дус­тур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); радио уктуруу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. Иордания телекөрсөтүүлөрү эки канал боюнча, биринде – араб тилинде, экинчиси – чет элдик телекөр­сөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис жана иврит тилдеринде чыгарылат.
Адабияты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иор­дан адабиятынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси Иорданиянын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы менен байланыштуу.
Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат.
Кабатай аска сүрөттөрү, эллин маданиятынын эсте­ликтери сакталган. Рим мезгилинде архитектура менен искусство гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын ку­рамында Иордания орто кылымдагы араб-мусулман көркөм маданиятынын очогу болгон. Жаңы мезгил­дин архитектурасына заманбап курулуштар мүнөздүү.
Жалпы арабдык жана улуттук салттардын жал­пы европалык адабияттын ар кыл формалары менен ай­калышуусу Иордания адабиятынын негизги мүнөзүн анык­тайт.
Элдик музыка менен катар классикалык музы­касы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симф. оркестр иштейт. 1950-жылдарда тары­хый жана диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-жылы Амманда биринчи театр труппасы, 1951-жылы театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Музыка жана театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-жылы жаштарга ки­нематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багыттал­ган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшул­ган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен А. Хасан жана Н. Хасан­дын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман шаарында кинофестиваль өткөрүлөт.


Ад.: Гаврилин В. Г., Корешков В. В. Иордания: пути развития. М., 1985; Конков В. М. и др. Иордания // Новейшая история арабских стран Азии. 1917–1985. М., 1988; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты за­рубежной Азии. М., 2000; Аганин А. Р., Соловьева З. А. Современная Иордания. М., 2003; Деловая Иордания ... в 2002–2003. М., 2003–2004. Т. 1–2; Иордания // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.

Б. Мудаева, Ш. Керимова.