ИНТЕРГЕЛЬПО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИНТЕРГЕ&#769;ЛЬПО</b> (лат. inter – өз ара, эл аралык;
<b type='title'>ИНТЕРГЕ&#769;ЛЬПО</b> (лат. inter – өз ара, эл аралык;чехче гельпо – жардам) – 1925–41-жылдарда Кыргызстанда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь революциясынан кийин Европанын өнөр жайлуу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумуш&shy;чуларына тилектештигин билдирип, материал&shy;дык жана моралдык жардам көрсөтүшкөн. Че&shy;хословакиянын Жилин шаарындагы коммунист &shy;жумушчулардын демилгеси менен Жети-Сууда со&shy;вет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган Интергельпо кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-жыл). Совет бийлиги менен сүй&shy;лөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун бор&shy;борунан ижарага жер алууга жетишип, Интергельпонун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-жылы 24-апрелде Пишпекке келген. 1925–32-жылдарда Чехослова&shy;киядан Кыргызстанга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у Интергельпонун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка&shy;тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе шаарында электр станциясын, айыл чарба шаймандарын, кыш&shy; черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. өнөр жай үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. Ошондой эле алардын жар&shy;дамы менен Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер заводу курулган. Кыргыз эли менен чех жана словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-жылы май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Интергельпонун мүчөлөрү өздөрүнө тие&shy;шелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамле&shy;кетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продук&shy;цияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасын&shy;да М. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводу, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чы&shy;гара турган башка завод-фабрикалар өсүп чык&shy;кан. Интергельпочулар Кыргызстандын экономикалык-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн.
чехче гельпо – жардам) – 1925–41-жылдарда Кыргызстанда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь революциясынан кийин Европанын өнөр жайлуу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумуш&shy;чуларына тилектештигин билдирип, материал&shy;дык ж-а моралдык жардам көрсөтүшкөн. Че&shy;хословакиянын Жилин шаарындагы коммунист &shy;жумушчулардын демилгеси м-н Жети-Сууда со&shy;вет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган Интергельпо кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-жыл). Совет бийлиги м-н сүй&shy;лөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун бор&shy;борунан ижарага жер алууга жетишип, Интергельпонун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-жылы 24-ап-


релде Пишпекке келген. 1925–32-жылдарда Чехослова&shy;киядан Кыргызстанга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у Интергельпонун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка&shy;тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе шаарында электр станциясын, айыл чарба шаймандарын, кыш&shy; черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. өнөр жай үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. Ошондой эле алардын жар&shy;дамы м-н Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер заводу курулган. Кыргыз эли м-н чех ж-а словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-жылы май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Интергельпонун мүчөлөрү өздөрүнө тие&shy;шелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамле&shy;кетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продук&shy;цияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасын&shy;да М. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводу, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чы&shy;гара турган башка завод-фабрикалар өсүп чык&shy;кан. Интергельпочулар Кыргызстандын экономикалык-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн.





04:09, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы

ИНТЕРГЕ́ЛЬПО (лат. inter – өз ара, эл аралык;чехче гельпо – жардам) – 1925–41-жылдарда Кыргызстанда иштеп турган өндүрүш кооперативи. Октябрь революциясынан кийин Европанын өнөр жайлуу бир топ мамлекеттеринин жумушчулары орус жумуш­чуларына тилектештигин билдирип, материал­дык жана моралдык жардам көрсөтүшкөн. Че­хословакиянын Жилин шаарындагы коммунист ­жумушчулардын демилгеси менен Жети-Сууда со­вет бийлигин орнотууга активдүү катышкан Р. П. Маречек башында турган Интергельпо кооперативи түзүлгөн (1-май, 1923-жыл). Совет бийлиги менен сүй­лөшүүлөр жүргүзүлүп, Кара-Кыргыз АОсунун бор­борунан ижарага жер алууга жетишип, Интергельпонун мүчөлөрү түшкөн биринчи поезд 1924-жылы 24-апрелде Пишпекке келген. 1925–32-жылдарда Чехослова­киядан Кыргызстанга бардыгы 1317 адам келип, алардын 390у Интергельпонун мүчөлөрү болушкан. Алар өлкөнү индустриялаштыруу ишине активдүү ка­тышып, алгачкы беш жылдыкта Фрунзе шаарында электр станциясын, айыл чарба шаймандарын, кыш­ черепица жасоочу, булгаары, кездеме токуучу, металл иштетүүчү ж. б. өнөр жай үчүн өтө маанилүү ишканаларды курушкан. Ошондой эле алардын жар­дамы менен Түрксиб, Чоң-Чүй каналы, Канттагы шифер заводу курулган. Кыргыз эли менен чех жана словак элдеринин достугун чыңдоодо 1930-жылы май айында Юлиус Фучик баштаган өкүлдөрдүн келиши да чоң роль ойногон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Интергельпонун мүчөлөрү өздөрүнө тие­шелүү устакана-цех, завод-фабрикаларды мамле­кетке өткөрүп беришип, согушка керектүү продук­цияларды чыгарууга да өтө чоң салым кошкон. Кийин, алар курган кооперативдердин базасын­да М. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруу заводу, механиканы оңдоо, тери, кездеме, эмерек чы­гара турган башка завод-фабрикалар өсүп чык­кан. Интергельпочулар Кыргызстандын экономикалык-маданий өнүгүүсүнө зор жардамын көрсөткөн.


Ад.: Мужиков И. П., Каниметов А. К., Маречек Р. П. История чехословацкого кооператива «Интергельпо». Ф., 1957;

Б. Сатаров.