ИНСОЛЯЦИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНСОЛЯ́ЦИЯ</b> (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы | <b type='title'>ИНСОЛЯ́ЦИЯ</b> (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы менен нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бир­дигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (<i>вт/м</i><sup>2</sup>) менен туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, де­ңиз деңгээлинин бийиктигине, атмосферанын тазалы­гына жана булуттуулугуна байланыштуу. Ошон­дуктан ал жыл мезгилине, атмосферанын абалына жана Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин жана атмосферанын жылуулук абалы менен Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айла­нышы, башкача айтканда жердин климат шарттары жана өсүм­дүк менен жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция акти­нометр менен өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру менен дарыланууда, архитектуралык дол­боорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
03:25, 1 Июль (Теке) 2026 -га соңку нускасы
ИНСОЛЯ́ЦИЯ (лат. insolatio – күнгө чыгарам), к ү н н у р у – жер бетинин күн радиациясы менен нурланышы. Ал кандайдыр бир убакыт бирдигинде белгилүү аянтка тийген күн нурунун кубат өлчөмү (вт/м2) менен туюнтулат. Инсоляция Күндүн тик тийишине, нур түшкөн жердин бетине, деңиз деңгээлинин бийиктигине, атмосферанын тазалыгына жана булуттуулугуна байланыштуу. Ошондуктан ал жыл мезгилине, атмосферанын абалына жана Күндөгү тактарга жараша өзгөрүп турат. Инсоляция жер бетинин жана атмосферанын жылуулук абалы менен Жердин жарык болушун камсыз кылат. Атмосфералык циркуляциясы, суунун жер бетинде айланышы, башкача айтканда жердин климат шарттары жана өсүмдүк менен жаныбар дүйнөсүнүн биофизикалык, биохимиялык процесстери инсоляцияга тыгыз байланышкан. Инсоляция актинометр менен өлчөнөт. Инсоляция шарттарын изилдөө айыл чарбасында, күн нуру менен дарыланууда, архитектуралык долбоорлордо, шаар-кыштак курууда ж. б-да керек.