КАЛЫПТООЧУ МАШИНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
24 август 2025, саат 09:00 учурдагы нуска
КАЛЫПТООЧУ МАШИНА – курулушта аралашманы ныктоочу, куюлган буюмду (моделди) калыптан чыгаруучу машина. Ал материалды куюудагы оор жумуштарды механикалаштырып, куюу жолу м-н даярдалган нерсенин бекемдиги, тыгыздыгы ж-а өлчөмү бирдей, так алынышына мүмкүндүк берет. К. м-нын кол, кысоор пресс ж. б. м-н ныктоо ыкмалары бар. Кол м-н ныктоодо куюлган үлгүнү ажыратуу гана механикалаштырылган. К. м-нын меха-
низмин кыймылга келтирүүгө (пневматикалык, гидравликалык, механикалык, электр-магниттик), аралашманы тыгыздоо методуна (кагуучу, ныктоочу, дирилдетүүчү) ж-а калыптан чыгаруу ыкмасына жараша (штифт м-н көтөрүп ажыратуучу, калыпты төмөн түшүрүп ажыратуучу, аңтарып ажыратуучу) түрлөргө бөлүнөт.