ГИНЕКОЛОГИЯ ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

24 март 2024, саат 17:18 учурдагы нуска

ГИНЕКОЛО́ГИЯ ООРУЛАРЫ – аял организминин анатомия-физиол. өзгөчөлүгүнө байланыштуу оорулар. Аларга инфекция, травма, уулануу, хим. заттардын, этек кирдин нейрогумордук бузулушу, шишиктин пайда болушу, жыныс органдарынын кемтиги ж. б. себеп болот. 20дан 50 жашка чейинки аялдарда сезгенүү оорулары – кольпит, эндометрит, сальпингит көп кездешет. Ички жыныс органдарынын сезгенүү оорулары көпкө созулуп, кайталап кармаса, тукумсуздукка алып келет ж-а этек кир цикли бузулат. Дарылоо гинекол. ооруканада, акушергинекол. кабинеттерде жүргүзүлөт. Айыл жерлеринде фельдшер-акушердик пункттарда (ФАП) жардам көрсөтүлөт.