ГИЛБЕРТ АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

24 март 2024, саат 17:18 учурдагы нуска

ГИ́ЛБЕРТ АРАЛДАРЫ – Тынч океандагы атоллдор (аралдар) тобу (16дай), Микронезияда; Кирибати мамлекетине караштуу. Аянты 264 км2. Өлкөнүн борбору – Баирики ш. Тарава атоллунда жайгашкан. Климаты экватордук, ысык ж-а нымдуу. Бадалдуу өсүмдүктөр басымдуу. Кокос пальмасы, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Г. а. 1764 ж-а 1824-жылдардын аралыгында англ. деӊиз офицерлери тарабынан ачылып, капитан Ж. Гилберттин урматына аталган.