ИНДУКЦИЯЛЫК ЭЛЕКТР ӨЛЧӨГҮЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

30 июнь 2025, саат 06:47 учурдагы нуска

ИНДУКЦИЯЛЫК ЭЛЕКТР ӨЛЧӨГҮЧ – өзгөрмө токтун тизмектериндеги электр чоңдугун өлчөгүч түзүлүш. Ал магнит системасынан (электр-маг­нит), кыймылдуу бөлүктөн ж-а туруктуу маг­ниттен турат. Анын кыймылдуу бөлүгү – жука алюминий же латун диск, ал магнит агымы индукциялаган токтун өз ара аракетинен кый­мылга келет. Бул принциптин негизинде ампер­метр, вольтметр, ваттметр, фазометр ж. б. көп приборлор жасалат. Мындай алет (прибор) маг­нит агымынын санына жараша бир агымдуу ж-а көп агымдуу болуп, интеграл өлчөгүч алет деп аталат. Индукциялык өлчөгүчтүн өздүк маг­нит талаасы чоң болгондуктан, сырткы магнит талаалары алардын ишине таасир бере албайт. Ал электр энергиясын аз чыгымдайт ж-а жыш­тыгы өзгөрбөөчү тизмектерде колдонулат.