ИЕРУСАЛИМ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЕРУСАЛИ́М</b> (байыркы еврейче И е р у ш а­ л а и м, | <b type='title'>ИЕРУСАЛИ́М</b> (байыркы еврейче И е р у ш а­ л а и м, арабча А л ь - К у д с) – Израилдеги шаар. Администрациялык жактан аты окшош округду түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 <i>км</i> чыгышта, Жансыз де­ңизден 30 <i>км</i> батышта, бөксө тоолуу чөлдө, де­ңиз деңгээлинен 740 <i>м</i> бийиктикте жайгашкан. Иудей­лердин, христиандардын, мусулмандардын ди­ний («ыйык») борбору. Калкы 936,4 миң (2020); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат. | ||
[[File:ИЕРУСАЛИМ66.png | thumb | Иерусалим шаарынын Масличный тоосунан караган­дагы көрүнүшү.]] | [[File:ИЕРУСАЛИМ66.png | thumb | Иерусалим шаарынын Масличный тоосунан караган­дагы көрүнүшү.]] | ||
Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%и) түзөт. Иерусалим – заманбап жогорку техника өндүрү­шүнүн борборлорунун бири. Эл аралык | Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%и) түзөт. Иерусалим – заманбап жогорку техника өндүрү­шүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана из­раилдик ири концерндер [анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)], тиричилик электр-техникалары, фармацевтика, текстиль, булгаары – бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эме­рек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полиграфиялык, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач биздин заманга чейин 2-кылымдын ортосунан эске­рилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, <i>Алек­сандр Македонский</i> державасы, Байыркы Рим, | ||
[[File:ИЕРУСАЛИМ67.png | thumb | Иерусалим, Муң (Плач) дубалы.]] | [[File:ИЕРУСАЛИМ67.png | thumb | Иерусалим, Муң (Плач) дубалы.]] | ||
<i>Византия</i>, Селевки мамлекети, <i>Араб халифа­ты</i>, Айюбилер | <i>Византия</i>, Селевки мамлекети, <i>Араб халифа­ты</i>, Айюбилер жана <i>мамлюктардын</i> башкаруу­сунда болгон. 16-кылымдын башынан <i>Осмон импе­риясынын</i> башкаруусуна өткөн. 1917-жылы декабр­да англиялык аскерлер басып алган. 1920–48-жылдарда Анг­лиянын мандаты менен башкарылуучу Палести­нанын администрациялык борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ас­самблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдын­ча администрациялык бирдик болууга тийиш эле, бирок 1948–49-жылдардагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тий­ген. 1950-жылы январда Израил өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамле­кеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-жылы июлдун башында Израиль Иерусалимдин чы­гыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы Иерусалимди бүт Из­раилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар – азыркы Иерусалимдин тары­хый борбору. <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тиз­месине кирген. Анда Кудайдын табыты ротон­дасы, Муң (Плач) дубалы (Экинчи Храм талка­ланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687–691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11–12-кылымдардын чир­көөлөрү, цитадель (14–16-кылымдар), Ыйык Иаков мо­настыры (12-кылым; байыркы баалуу китептер сак­талууда), падыша Давиддин табыты (4-кылым; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан ку­рулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улут­тук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусст­во жана археология эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фес­тивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкур­су өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн. | ||
Ад.: <i>Кацнельсон М.</i> Иерусалим – город трех религий. СПб., 2001; Все столицы мира. Энциклопе­дический справочник. М., 2004; <i>Носенко П. В.</i> Иерусалим. Три религии. Три мира. М., 2006. | Ад.: <i>Кацнельсон М.</i> Иерусалим – город трех религий. СПб., 2001; Все столицы мира. Энциклопе­дический справочник. М., 2004; <i>Носенко П. В.</i> Иерусалим. Три религии. Три мира. М., 2006. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:15, 30 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
ИЕРУСАЛИ́М (байыркы еврейче И е р у ш а л а и м, арабча А л ь - К у д с) – Израилдеги шаар. Администрациялык жактан аты окшош округду түзөт. Жер Ортолук деңизден 60 км чыгышта, Жансыз деңизден 30 км батышта, бөксө тоолуу чөлдө, деңиз деңгээлинен 740 м бийиктикте жайгашкан. Иудейлердин, христиандардын, мусулмандардын диний («ыйык») борбору. Калкы 936,4 миң (2020); калкынын саны боюнча өлкөдөгү ири шаар. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Аэропорту бар. Шаар эки (эски жана жаңы) бөлүктөн турат.

Шаардын экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (эмгекке жарамдуу калктын 87%и) түзөт. Иерусалим – заманбап жогорку техника өндүрүшүнүн борборлорунун бири. Эл аралык жана израилдик ири концерндер [анын ичинде «Intel» жана «Motorola» (компьютерлер үчүн электрондук схемаларды чыгарат), «AVK Izrael» (мобилдик байланыштар үчүн микросхема)], тиричилик электр-техникалары, фармацевтика, текстиль, булгаары – бут кийим, жыгаччылык (анын ичинде эмерек), курулуш материалдар, ишканалары жана салттуу полиграфиялык, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Зер буюмдарды жасоо (алмаз иштетилет, кырдалат) өнүккөн. Алгач биздин заманга чейин 2-кылымдын ортосунан эскерилет. Кийинчерээк Иудей падышалыгы, Александр Македонский державасы, Байыркы Рим,

Византия, Селевки мамлекети, Араб халифаты, Айюбилер жана мамлюктардын башкаруусунда болгон. 16-кылымдын башынан Осмон империясынын башкаруусуна өткөн. 1917-жылы декабрда англиялык аскерлер басып алган. 1920–48-жылдарда Англиянын мандаты менен башкарылуучу Палестинанын администрациялык борбору. Палестинада Англиянын бийлиги жоюлган соң Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча 1947-жылдын 29-ноябрынан БУУнун башкаруусу менен өз алдынча администрациялык бирдик болууга тийиш эле, бирок 1948–49-жылдардагы араб-израил согушунан кийин Иерусалимдин чыгышы Иорданияга, батышы Израилге тийген. 1950-жылы январда Израил өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясынын чечимин тоотпой Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялаган. Улуу Британия, СССР, АКШ, Франция ж. б. мамлекеттер Израилдин бул чечимин тааныган эмес. 1967-жылы июлдун башында Израиль Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн басып алып, 1980-жылы Иерусалимди бүт Израилдин «түбөлүктүү жана бөлүнгүс борбору» деп жарыялаган. Эски шаар – азыркы Иерусалимдин тарыхый борбору. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Анда Кудайдын табыты ротондасы, Муң (Плач) дубалы (Экинчи Храм талкаланганда бүлүнбөй калган), Куббат ас-Сахра (687–691), Эль-Акса (Мухаммедге пайгамбарлык берилген жер) мечиттери, 11–12-кылымдардын чиркөөлөрү, цитадель (14–16-кылымдар), Ыйык Иаков монастыры (12-кылым; байыркы баалуу китептер сакталууда), падыша Давиддин табыты (4-кылым; Сион тоосунун чокусунда) ж. б. көптөгөн эстеликтер сакталган. Батыш бөлүгү 19-кылымдын ортосунан курулууда. Университет комплекси, китепканалар, Улуттук «Бецалель» (сүрөт), Улуттук Израиль (искусство жана археология эстеликтери) ж. б. музейлери, «Хадасса» медициналык борбору (1960) бар. Жыл сайын эл аралык Израиль (1982), кино (1982), куурчак театрлардын жана камералык музыка (1997) фестивалдары, Л. Беристайн атындагы музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.
Ад.: Кацнельсон М. Иерусалим – город трех религий. СПб., 2001; Все столицы мира. Энциклопедический справочник. М., 2004; Носенко П. В. Иерусалим. Три религии. Три мира. М., 2006.