БУРУЛЧА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БУРУЛЧА ''' Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», | '''БУРУЛЧА ''' Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керме-тоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башкалар комуз үчүн иштеп чыгышкан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:58, 12 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
БУРУЛЧА Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керме-тоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башкалар комуз үчүн иштеп чыгышкан.