БРУНЕЛЛЕСКИ Филиппо: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page БРУНЕЛЛЕСКИ to БРУНЕЛЛЕСКИ Филиппо) |
(Айырма жок)
| |
16 июль 2025, саат 11:58 учурдагы нуска
БРУНЕЛЛЕ́СКИ Филиппо (1377, Флоренция – 15. 4. 1446, ошол эле жер) – италиялык архитектор, айкелчи, илимпоз. Флоренцияда иштеген. Кайра жаралуу архитектурасын жана илимий перспектива теориясын түзүүчүлөрдөн. Антикалык салттарды жаӊыча пайдаланган. Брунеллескинин чыгармалары гармониялуулугу, инженердик-курулуш жактан чечилишинин жеткилеӊдиги менен айырмаланат (Санта-Мария-дель-Фьоре соборунун кумпасы, 1420–1436; Оспедале дельи Инноченти, 1421–1444; Пацци капелласы, 1429 –1469 – баары Флоренцияда).

соборунун кумпасы. 1417–1471.