ЖАҢЫ-ЖОЛ (Араван районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

9 июль 2025, саат 07:46 учурдагы нуска

ЖАҢЫ-ЖОЛ – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төбө-Коргон айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 945 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Араван кыштагынан 18 км түндүк тарап­та. Ош темир жол бекетинен 48 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 3581 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, чайкана бар.