ЖАҢЫ-ЖЕР (Баткен районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

9 июль 2025, саат 04:07 учурдагы соңку нуска

ЖАҢЫ-ЖЕР – Баткен районундагы кыштак. Дара айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1955 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Баткен шаарынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Исфара темир жол бекетинен (Тажикстан) 35 км. Кыштак 1972-жылы негизделген. Калкы 3107 (2022); негизинен баг­банчылыкта эмгектенет. Эки мектеп, китепка­на бар. ФАП, мончо, турмуш-тиричилик жак­тан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү иштейт.