КАКЫР-ПИЛТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 июль 2025, саат 09:49 учурдагы нуска

КАКЫР-ПИЛТАН – Ош обл-нун Араван р-нун­дагы кыштак. Нурабад айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 655 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Араван кыш-нан 10 км түн.-чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 40 км. Кыштак 1935-ж. негизделген. Калкы 1456 (2007); неги­зинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мек­теп, китепкана, дарыкана бар. Соода түйүндөрү, тамактануу жайлары иштейт.