КАЙЫН ЖЕЗДЕ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol3>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
4 июль 2025, саат 09:49 учурдагы нуска
КАЙЫН ЖЕЗДЕ – жубайлардын бир тууган ж-а бир нече ата өткөн эжелеринин күйөөсү. Ар кандай кырдаалдарда кайрылганда, айтууга оңтойлотуп «кайын» деген сөздү кошпой эле «жезде» деп атай беришет. Келиндер кайнежесине жүгүнгөндөй эле жүгүнөт ж-а тергейт. Жигит болсо кайын эжесинин күйөөсүн «жезде» деп да айтат, бирок көпчүлүгү бажа деп атап, тең ата болушат.