ИШТЕТҮҮ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 июль 2025, саат 09:49 учурдагы нуска

ИШТЕТҮҮ СИСТЕМАСЫ , о п е р а ц и я л ы к с и с т е м а – дайыма компьютердин эсинде туруучу программалар комплекси; колдонмо программалардын аткарылышын камсыз кы­лат, компьютердин түзүлүшүн башкарууну ж-а анын колдонуучу м-н өз ара аракетин уюшту­рат. И. с. эсти, киргизүү-чыгарууну, файлдык системаны, процесстердин өз ара аракеттерин башкарат. Компьютер системасы м-н колдо­нуучунун ортосундагы интерфейсти уюштурат. И. с-нын жүктөлүүсү ж-дөгү маалымат мони­тордо көрсөтүлөт. Ал маалымат компьютерге ж-а орнотулган жабдууларга ылайык өзгөрүшү мүмкүн.