ИРРАЦИОНАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
25 июнь 2025, саат 18:42 учурдагы нуска
ИРРАЦИОНАЛИ́ЗМ (лат. irrationalis – акылэссиз) – таанып-билүүдөгү акыл-эстин ролун танган же чектеген филос. метод. Болмушту иррационалдык таанып-билүүнүн негизги ыкмалары катары эрк, умтулуу, коркуу, өксүк комплекси ж. б. психол. кубулуштарды атайт. Мис., досту кырсыкта бил дешет. Демек, достун чыныгы жүзүн сезим же акыл м-н эмес, кандайдыр бир турмуштук жагдайда, мис., башка кырсык түшкөндө билүүгө болот.