ЖЫЛДЫК ШАКЕКТЕР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска
ЖЫЛДЫК ШАКЕКТЕР – 1) ө с ү м д ү к т ү н – жыгачтын камбийинин бир вегетация мезгилиндеги аракетинен пайда болгон катмары. Жыгачтын жазында пайда болгон элементтери күзүндө пайда болгондоруна караганда ири ж-а жука кабыктуу болгондуктан, жыгачтагы ар жылы пайда болгон катмарды оңой эле ажыратууга болот. Жылдык катмарды экинчи флоэмадан, экинчи жабуучу ткандан, дарактын арааланган сөңгөгүнөн көрүүгө болот. 2) Ж а н ыб а р д ы н Ж. ш-и – организмдин катуу структурасында мезгилдүү (кээде жылыга) пайда болуучу ж-а узакка сакталуучу түзүлүш. Мезгилдик ткандын өсүүсүнүн өзгөрүшүнөн пайда болот. Жерде-сууда жашоочулардын, сойлоочулардын жалпак сөөктөрүн, кабырчыгын, тырмагын, раковинасын күнгө салып караганда көрүнөт. Ж. ш. жаныбарлардын жашын көрсөтөт.