ЖЫЛГЫЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска

ЖЫЛГЫЧ (ползун) – крейцкопф, түз сызыктуу багытта алга-артка умтулуу кыймылын, ал эми жаа багытында термелүү кыймылын аткаруучу тетик. Ж. кривошип-ползун, кулистүү ж-а ай­рым механизмдин тетиги катары кызмат кы­лат. Металл кескич станокто Ж-ка кесүүчү шай­ман орнотулуп, түз сызыкта кыймылдайт. Ичи­нен күйүүчү, поршендүү, компрессордуу кый­мылдаткычтарда Ж-тын жумушун поршень ат­карат. Ал узата таасир эткен күчтү шатунга, ал эми туура тарапка кеткенди багыттагычка берет.