ЖЫЛАМЫШ ГРАНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска

ЖЫЛАМЫШ ГРАНИ́Т КЕНИ – Чүй өрөөнүндөгү гранит ташы жаткан жер. Сокулук р-нунда, Но­вотроицк т. ж. бекетинен 23–26 км түштүктө, Жыламыш суусунун оң өйүзүндө. Кен аймагын ордовик мезгилинин аягында гранит интрузия­сы жиреп чыккан. Гранит орто ж-а ири крис­таллдуу, боз, кызгылт ж-а кызыл түстө. Жак­шы сайкалданып, күзгүдөй жаркырап калат. Запасы бир нече млн м3ге жетет. Гранит има­раттын ичи-тышын кооздоп каптоого жарактуу; көркөм буюмдарды жасоого да болот.