ЖҮЗ ААРЧЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска
ЖҮЗ ААРЧЫ – тазалык максатында пайдаланылуучу кол жоолук. Ж. а-лардын бети саймаланып, жээктери кооздолуп жасалган. Кыз-келиндердин саймачылыгы ж-а уздугу Ж. а. жасоодон башталган. Ж. а. 30–40 см өлчөмүндөгү ак же түстүү жука кездемеден, жибектен жасалган. Анын кырка четтери, бурчтары ар кыл сайма м-н көркөмдөлүп, жээктери тордолуп, чачыланып, кээде майда шуру, бермет бастырылып кооздолгон. Кыргыз кыз-келиндери өз урматын, сыйын, ал тургай сырдаштык сезимдерин билдирген белек буюм катары жигиттерге тартуулаган. Ж. а. кээде дасторомол, кол жоолук, бет аарчы деп да аталат.