ЖҮГҮНҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

2 май 2025, саат 13:52 учурдагы нуска

ЖҮГҮНҮҮ – эки колун бооруна алып, башын ийе эңкейип, таазим этүү салты. Келин кайын ата-энесине, кайын ага-жеңелерине, кайын эже­жезделерине, күйөөсүнүн улуу туугандарына учу­рашуу иретинде күнүгө бир жолу (биринчи ке­зиккенде) Ж-гө милдеттүү болгон. Жүгүнткөн улуу кишилер ага алик алган жооп катары «Ти­легиңди берсин» деп алкоо айтышып, «Алдың­ды бала бассын, артыңды мал бассын. Алга­ның м-н тең кары, ак жоолугуң башыңан түш­пөсүн» ж. б. бата беришкен. Күйөө биринчи жолу кайын журтунун үстүнө жүгүнүп кирет. Ж. сыяктуу учурашуу салты дүйнө элдеринде да кездешет.