ЖУНГЛИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:51 учурдагы нуска
ЖУ́НГЛИ (англ. jungle, хинди ж-а маратхи тилдеринде жангал – токой, чытырман токой) – бийик, катуу сабактуу чөп аралаш, жыш чыккан дарак-бадал өсүмдүктөрү. Лианалар м-н чырмалышкан дарактар ж-а чытырман бадалдуу токойлор да Ж. деп аталат. Ж-ге ротанг пальмасы, акациялар, чөп өсүмдүктөрүнөн – бийик өсүүчү дан өсүмдүктөрү (гигант бамбук, бал камыш, эриантус ж. б.) мүнөздүү. Ж. Индиянын тропик же субтропик ным климаттуу ж-а саздуу жерлеринде – Ганг д-нын жээгинде, Гималай тоосунун этегинде, Индикытайда, Зонд анда арбын учурайт.