ЖИЙДЕ (Өзгөн районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:51 учурдагы нуска
ЖИЙДЕ – Ош обл-нун Өзгөн р-нундагы кыштак. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1285 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 23 км түн. тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 69 км. Кыштак 1870-ж. отурукташкан. Калкы 3381 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.