ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
2 май 2025, саат 13:51 учурдагы нуска
ЖЕР ЭЛЛИПСОИДИ – геоид фигурасына эң окшош айлануу элипсоиди; анын көлөмү ж-а Жер тулкусундагы абалы градустук ченөө, тартылуу күчүнүн ылдамдануусун өлчөө ж-а Жердин жасалма жандоочусу аркылуу байкоо м-н аныкталат. Ал геодезия, картография ж. б-дын ил. ж-а практикалык маселелерин чечүү үчүн кабыл алынган. КМШда ж. б. айрым өлкөлөрдө Красовскийдин эллипсоиди колдонулган. Анын өлчөмү: чоң жарым огу (экватор радиусу) 6378245 м, уюлдук кысылуусу 1:298.3; багыт алышы Пулков обсерваториясынын башкы залынын борбору аркылуу өткөн узундук м-н аныкталат.