ЕВРОПА АРАЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

19 апрель 2025, саат 07:54 учурдагы нуска

ЕВРО́ПА АРАЛЫ Франциянын ээлиги (1897- жылдан). Инди океанындагы Мозамбик кысы­гында жайгашкан. Аянты 28 км2. Туруктуу жашаган калкы жок. Аралда анча чоӊ эмес ас­кер гарнизону ж-а метеостанция бар. Кийинче­рээк станция автоматташтырылып, анда иш­теген кызматкерлер өз мекенине кайтышкан. Убактылуу жай мезгилинде гана иштеген (уз. 1 км) аэропорту бар. Табигый ландшафты өз­гөрбөй сакталган арал. Ал мангр токою м-н кап­талган. Кокос пальмасы көп өсөт. Улуттук ко­рук. Жапайы эчки кездешет. Океандан аралга миӊдеген жашыл таш бакалар чыгып, жумурт­калайт.