ДОНЕЦ ТОКОЛ ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

14 апрель 2025, саат 07:28 учурдагы нуска

ДОНЕ́Ц ТОКОЛ ТООСУ – Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүгүндөгү дөңсөө. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышты карай 370 кмге созулат. Бийиктиги 367 мге чейин (Бейит-Мечит чокусу). Негизинен таш көмүр мезгилинде пайда болгон кумдук, аки­таш ж-а сланец тектеринен турат. Алар м-н кө­мүр кени (Дон көмүр бассейни) байланыштуу. Дарыя аралык күдүрлүү түздүктөр ж-а терең (150 мге чейин) дарыя өрөөндөрү мүнөздүү. Кал­дык дөбөлөр – «бейиттер», жалчалар кездешет. Карст кубулушу өөрчүгөн. Жазы жалбырактуу (эмен, ак чечек) токой ж-а талаа өсүмдүктөрү өсөт.