ДЮРКГЕЙМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДЮРКГЕ́ЙМ Эмиль (15. 4. 1858, Эпиналь – 15.11. 1917, Париж) – француз социологу, социо­логия илимин негиздөөчүлөрдүн бири. Индиви­дуалдык-психол. ж-а биол. багытка каршы чык­кан; коомду индивиддердин жыйындысы деп эсептөөгө болбой турган реалдуулук катары ка­раган. Ошол эле учурда коомдогу аныктоочу рол­ду «жамааттык аң-сезимге» ыйгарган. Эмгек­ти бөлүштүрүүнү коомдук тилектештиктин не­гизи деп эсептеген ж-а социалдык жаңжалдар­ды ашынган (патол.) көрүнүш катары түшүн­дүргөн.