ДҮЙНӨЛҮК СИСТЕМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДҮЙНӨЛҮК СИСТЕ́МА – Жер, Күн, Ай, плане­талар, жылдыздар ж. б. асман телолорунун мей­киндикте жайгашышы ж-а кыймылы ж-дөгү түшүнүк. Байыркы убакта эле Жердин Аалам­дагы орду ж-дө түшүнүк пайда болгон. Анда Жер жалпак, анын астында дүйнө бар, үстүндө бол­со асман көмкөрүлүп турат деп эсептелген. Бай­коолордун маалыматтары көбөйгөн сайын жыл­дыздуу асман толук сферадай, ал эми Жер шар сымал деген түшүнүк келип чыккан. Андан ки­йин дүйнөнүн геоборбордук, анан гелиоборбор­дук системалары түзүлгөн.