ДРЕЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДРЕЛЬ (нем. drillbohrer) – металл, жыгач ж. б. материалдарга көзөнөк жасоочу машина. Ал кол, электр же аба кыймылдаткычтары м-н ара­кетке келет. Бурамалуу Д. алга-артка айланып жылуучу бурама м-н кыймылга келүүчү бура­малуу шпинделден турат. Темир устачылык Д-де көзөөч конус түрүндөгү тиштүү дөңгөлөктүн жардамы м-н айланат. Электрдик Д. тулкусу­нун ичине орнотулган электр кыймылдаткычы­нын жардамы м-н кыймылга келет.