ДИЭЛЕКТРДИК ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol3_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

4 апрель 2025, саат 10:41 учурдагы нуска

ДИЭЛЕКТРДИК ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК – эки эр­кин заряддын кулондук өз ара аракеттенишүү күчү вакуумдагыга караганда чөйрөдө канча эсе аз экендигин көрсөтүүчү чондук. Д. ө. электр индукцияcы (D) м-н электр талаасынын чыңа­луусунун (E) байланышын көрсөтөт: D=ε0εE, мында ε0– электрдик турактуулук. Бул теңдеме изотроптук диэлектрик үчүн гана аткарылат, себеби Д. ө. заттын түзүлүшүнө, хим. курамы­на, о. эле басым, темп-ра ж. б. сырткы таасир­лерге да көз каранды. Бирдиктердин СГСЭ сис­темасында дифференциалдык Д. ө. төмөндөгүдөй берилет: εдиф.=dD/dE, мында D – электр индук­циясы.