ДИАШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска

ДИ́АШ (Dias de Novaes) Бартоломеу (1450-жыл чен – 29. 5. 1500) – португалиялык деӊиз сүзүү­чүсү. Д. 1487–88-ж. Индияга деӊиз жолун табуу үчүн чыккан экспедицияны жетектеген. Анда Ыйык Крест тумшугунан түштүгүрөөктө жаӊы жерди издешкен. Алгачкылардан болуп Афри­канын түш. учуна жетип, Алгоа бухтасы аркы­луу өткөн, бирок командасынын талабы б-ча артка кайтууга аргасыз болгон. Кайтып кела­тып, Илгери Үмүт тумшугун ачкан. Африка жээ­гинин ачык аймактарын сүрөттөп жазып, карта­га түшүргөн. Индияга ж-а Инди океанына жаӊы жол ачкандыгын туура айткан. 1500-ж. Б. А. Каб­ралдын соода экспедициясына катышкан. Ин­дияга бараткан жолунда катуу толкунга туш болуп, Илгери Үмүт тумшугунун жанында каза болгон.