ДИАМАГНЕТИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска

ДИАМАГНЕТИ́ЗМ – магнетизмдин бир түрү; заттардын тышкы магниттөөчү талаанын багы­тына карама-каршы магниттениши. Нерсени магнит талаасына жайгаштырсак, электр-маг­ниттик индукция законунун негизинде анын ар бир атомунун электрондук кабыкчасында ин­дукцияланган туюк ток пайда болот. Бул ток ар бир атомдо Ленц эрежеси б-ча тышкы маг­нит талаасына багытталган индукциялык маг­нит моментин пайда кылат. Д-дүү зат диамаг­нетик деп аталат.

Ад.: Вонсовский С. В. Магнетизм. М., 1971.