ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска
ДЕӉИЗ КЛИМАТЫ , о к е а н к л и м а т ы – океан, деӊиздердин атм-га тийгизген таасиринен пайда болгон климат. Ачык океандарга, аралдарга ж-а мелүүн алкактардагы материктердин батыш жактарына мүнөздүү. Материктерге ичкерилеген сайын ал континенттик климатка өтөт. Д. к-нда абанын темп-расы жыл бою, сутка ичинде акырындык м-н аз өзгөрөт. Жайында абанын нымдуулугу көбөйөт. Жаан-чачын арбын болуп, шамал дайыма деӊизден согот. Атм. циркуляциясы батыштан чыгышка багытталгандыктан, жумшак Д. к. көбүнчө материктин батыш жээктерине мүнөздүү. Ысык- Көл кылаасындагы климат Д. к-на жакын.