ДЕМОБИЛИЗАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol_3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 17:37 учурдагы нуска

ДЕМОБИЛИЗА́ЦИЯ (де... ж-а лат. mobiliser – кыймылдуу дегенден) – куралдуу күчтөрдү ж-а чарбанын бардык тармактарын согуш абалынан тынчтык абалына өткөрүү. Д. аскер кызматын­дагыларды куралдуу күчтөрдөн бошотуу, курал­дуу күчтөрдүн санын азайтуу, аскер өндүрүшүн кыскартуу, эмгек ж-а финансы фондусун кайра бөлүштүрүү, транспорт, байланыш, ил. уюмдар ж. б-дын иштерин өзгөртүүнү камтыйт. Д. мамл. жогорку бийликтин чечими м-н жүргүзүлөт.