ДАРЫЯ АЛАБЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ДАРЫЯ АЛАБЫ''' – дарыя ж-а анын куймала­рынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. | '''ДАРЫЯ АЛАБЫ''' – дарыя ж-а анын куймала­рынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү ж-а жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, Дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алы­нат. Танапташ жаткан Дарыя алабынын чеги атмосфера­лык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын фор­масы ж-а аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы м-н рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот. | ||
өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алы­нат. Танапташ жаткан | |||
''С. Аламанов.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
26 март 2025, саат 07:35 учурдагы нуска
ДАРЫЯ АЛАБЫ – дарыя ж-а анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү ж-а жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, Дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алынат. Танапташ жаткан Дарыя алабынын чеги атмосфералык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын формасы ж-а аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы м-н рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.
С. Аламанов.