БЕШ-КҮНГӨЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 февраль 2025, саат 08:55 учурдагы нуска

БЕШКҮНГӨЙ – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нун­дагы кыштак. Ташмойнок айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Аламүдүн суусунун оң жээгиндеги тек­тирде, деңиз деңг. 1080 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Лебединовка кыш-нан 15 км түш.-батыш тарапта. Бишкек темиржол бекетинен 13 км. Айылдын түндүгүндө суусак­тагыч курулган. Кыштак 1898-ж. негизделген. Калкы 2047 (2005); негизинен багбанчылыкта ж-а дыйканчылыкта эмгектенишет. Орто мек­теп, клуб, китепкана, ФАП, ашкана, турмуш­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.