БЕШ-КӨЛ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_146_225_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18 февраль 2025, саат 08:55 учурдагы нуска

БЕШКӨЛ ТУЗ КЕНИ Жалалабат обл-нун То­гузторо р-нунда, Нарын д-нын сол жээгинде, Тунуктуз туз кенинен 25 км чыгыш тарапта, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте. Геол изилдөөлөр 1927-, 1941-, 1977-ж. жүргүзүлгөн. Неоген мез­гилинин туздуу-гипстүү катмарларынын ара­сында галиттин 8 кабаты кездешет. Неоген кат­марынын калыңдыгы 200 мге жетип, 500 м со­зулуп жатат. Туз кабаттарын туздуу чопо, чо­полуу галит катмарчалары бөлүп турат. Таза галит кабатынын калыңдыгы 1,5–3,5, чополуу галиттин калыңдыгы 2 м. Туз мал жегенге жа­райт. Туздун болжолдуу ресурсу 315 миң т.