БАЛЫК УНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 январь 2025, саат 13:34 учурдагы нуска

БАЛЫК УНУ - кургатылган балык же балык азык калдыктарынан майдаланып (тартылып) даярдалган тоют. Б. у-нда протеин (60%ке чейин), кальций, фос­фор, А, Д, В витамин­дери көп. Анын сапа­ты майлуулугуна жа­раша болот. Өтө май­луу (18%тен ашык) Б. у. көпкө сакталбайт, аны жеген малдын эти м-н сүтү балык жытта­нып калат. Анда 47% протеин, 18%ке чейин май, 5% кайнатма туз, 30% фосфор кычкыл кальций болот. Б. у. негизинен музоо, чочко, тоок, уйга берилип, аралаш тоюттун баа­луу кошулмасы болуп саналат.