БАЛМУЗДАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
30 январь 2025, саат 13:34 учурдагы нуска
БАЛМУЗДАК - сергиткич десерт тамак-аш. Ал жагымдуу даамы м-н катар жогору калориялуу, жеңил сиңимдүү; Б-тын көп түрүндө организмге керек белок, май, углевод, минерал туздар ж-а витаминдер бар. Б-тын негизги сырьёсу - сүт продуктулары, кант, жаңы үзүлгөн же тоңдурулган жер-жемиштер, кыям, шоколад, жаңгак, бадам, цукат, жумуртка, стабилизаторлор (агар), жыт бергич заттар ж. б. Сырьёдон белгилүү өлчөмдө аралашма даярдалат, ал пастерленет, гомогенделет; «Жумшак» Б. идишке салынат же атайын кагаздарга оролуп, формага келтирилет да, муздаткыч камерада сакталат.