БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

30 январь 2025, саат 13:34 учурдагы нуска

БАЙКООЧУЛАР КЕҢЕШИ - акционердик коом­дун башкармасын контролдоочу орган. Б. к. жеке адамдардан гана туруп, мүчөлөрүнүн ар бирине өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт. Коом­дун башкармасынын мүчөлөрү кеңешке кирүүгө тыюу салынат. Б. к-нин мүчөлөрү акционерлер­дин жалпы чогулушунда шайланат. Б. к. баш­карманын мүчөлөрүн дайындоого же бошотуу­га, товар баалуулуктарын түгөлдөөгө, акционер­лердин жалпы чогулушун өткөрүүгө укуктуу. Коомдун уставы Б. к-нин макулдугу м-н баш­карма тарабынан ишке ашырылуучу операция түрлөрүн кароосу мүмкүн.