БОЗКАРАГАН 1: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
20 январь 2025, саат 08:27 учурдагы нуска
БОЗКАРАГАН 1 – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак. Коӊурдөбө айыл өкмөтүнө караштуу. Гүлчө суусунун сол жээгинде, деӊиз деӊг. 1565 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 7 км батыш тарапта. Ош темиржол бекетинен 80 км. Калкы 1005 (2002); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, балабакча, медпункт бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.