БОЗАДЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

20 январь 2025, саат 08:27 учурдагы нуска

БОЗАДЫР – Баткен р-нундагы кыштак. Суубашы айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Баткен ш-нан 27 км түш.-чыгыш тарапта. Исфара темиржол бекетинен (Тажикстан) 49 км. Деӊиз деӊг. 1190 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1780 (2005); негизинен мал чарбасында, тамекичиликте эмгектенет. Негизги мектеп, балабакча, клуб, китепкана, ФАП, дарыкана, соода борбору, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.