ВАЛУА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

17 январь 2024, саат 11:41 учурдагы нуска

ВАЛУ́А – Франциядагы королдор династиясы (1328–1589), Капетингдердин бир бутагы. Валуа графтыгынын атынан аталган. Негиз салуучусу – француз королу Филипп IV Сулуунун иниси, Карл В. Карл XI В-нын тушунда Франциянын аймагы бириктирилип, королдук бийлик күчөгөн ж-а француз абсолютизми калыптана баштаган. Династиянын акыркы өкүлү Генрих III өлтүрүлгөн соӊ (1589), анын мураскери жок болгондуктан, В. династиясы үзүлгөн, ал эми француз таажысы Бурбондорго өткөн.