ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ ''' – жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада | '''ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ ''' – жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада географиялык абал – ошол пункттун же жердин узундугу жана кеӊдиги; физикалык географияда – алардын физикалык-географиялык объектиге (тоо, дарыя, көл, деӊиз, океан ж. б.) карата абалы. Экономикалык жана саясий географияда географиялык абал – өлкөнүн, райондун, кыштактардын ж. б. объектилердин башка экономикалык-географиялык объектилерге (жол катнашы, рынок, чарба борборлору ж. б.) жана физикалык-географияда объектилерге карата абалын билдирет. Географиялык абал – өлкөнүн, райондун, шаардын өнүгүшүнүн зарыл шарттарынын бири. Географиялык абалдын практикалык мааниси түрдүү коомдук-экономикалык формацияда өзгөрүп турат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
2 октябрь 2025, саат 05:06 учурдагы соңку нуска
ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛ – жер бетиндеги кандайдыр бир пункттун же ареалдын андан тышкары жаткан объект же аймакка карата жайгашуу абалы. Математикада географиялык абал – ошол пункттун же жердин узундугу жана кеӊдиги; физикалык географияда – алардын физикалык-географиялык объектиге (тоо, дарыя, көл, деӊиз, океан ж. б.) карата абалы. Экономикалык жана саясий географияда географиялык абал – өлкөнүн, райондун, кыштактардын ж. б. объектилердин башка экономикалык-географиялык объектилерге (жол катнашы, рынок, чарба борборлору ж. б.) жана физикалык-географияда объектилерге карата абалын билдирет. Географиялык абал – өлкөнүн, райондун, шаардын өнүгүшүнүн зарыл шарттарынын бири. Географиялык абалдын практикалык мааниси түрдүү коомдук-экономикалык формацияда өзгөрүп турат.