ОРДО (улуттук спорт): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:30 учурдагы соңку нуска

ОРДО - улуттук спорттун түрү. Ар биринде 7-

10 оюнчудан тур­ган эки команда, чүкө менен ойнойт. Оюн атайылап тапталган тегиз жана кенен аянтта өткөрүлөт. Чоң­дордун мелдеши өтүлүүчү аянттын диаметри 12-14 м, ойноо мөөнөтү 120 мин, оюнчу­лардын саны 9дан болот. Жаш өспүрүмдөр (12- 16 жаш) мелдешкен учурда аянттын диаметрин

12 лгге, ойноо мөөнөтүн 90 минта. чейин кыскар­тууга болот. Ордочу такасыз бут кийим, спорт­тук шым-костюм, майка же футболка кийиши керек. Командалардын кийимдери бир түстө бо­луп, номерленет жана капитанынын сол колуна «К» деп жазылган белги байланат. О-го кан, чүкө, томпой жана узундугу 40 см калыс чен керекте­лет. Айлананын борборуна жыдымык деп атал­ган шиш кагылат. Ага диаметри 6 мм, калың­дыгы 2 мм болгон мүйүздөн же темирден жа­салган тегерек формадагы «кан» салынат. «Кан» 2 чүкөгө эсептелет, ага кошуп 3 чүкө салынат да, кан менен кошо 5 деп саналат. Анын айлана­сына ар бир оюнчуга 5тен эсептелген чүкөлөр бөгүнөн тизилет. Оюн ат калчоо менен башталат. Мелдеш бир тарап толук утулганга же белги­ленген убакыт бүткөнгө чейин улантылат.

О-нун бир нече түрү бар. У р а атууда ордочу борбордогу топту же бириндеген чү­көлөрдү борборго түздөп чийимдеп атат.

Кыңка чалбай атууда _буттун башын борборго түз каратып, сол колун боо­руна алып чүкө кыйшык атылат. К а д а м а к атууда 1,5 жге чейинки жакын жаткан чүкөлөрдү атат. Тоорумак атууда ордочу чийимге жакын жаткан чүкөнү оң бутун сол бутунун толорсугуна ороп, сол колун аркасына алып атат. Чертүүдө оюнчу ортого түшкөндө сыңар тизелеп олтуруп, О-нун ичинен чүкөлөрдү чертип атат. 1952-жылы кыргыздын улуттук оюн­дарынын 1-спартакиадасы өтүп, анын програм­масына 0. киргизилген. 1991-жылы «Ордо оюну­нун бйрдиктүү эрежеси» такталып, толукталган. 1992-жылы Респ. О. федерациясы түзүлгөн. О. боюнча мелдеш 1993-жылдан өткөрүлүүдө. Кыргызстандын белгилүү ордочулары С. Исаков, С. Сейиткулов, А. Сманов, А. Миңбаев ж. б.