ОИМОК ООЗДУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы нуска
ОЙМОК ООЗДУУЛАР (Сус1ов1оша1а) — жаныбарлардын жааксыздар чон классынын сууда жашоочу, жөнөкөй түзүлүштуү жалгыз классы. Силур мезгилинен белгилүү. Денеси жылан балыкка окшоШ, жыланач териси былжыр бөлүп чыгаруучу бездерге бай. Кемирчек шакекче менен курчалган оозу соргуч куйгучка окшош (аталышы ошондон). Тили скелеттүү, мүйүз тиштүү. Баштык сымал бакалоорлору энтодермадан пайда болгон. Мээси бардык омурткалууларга мүнөздүү бөлүктөрдөн турат. Бөлүп чыгаруусу мезонефриялык бөйрөк түрүндө. Жыныс бездери жалгыз, чыгуучу түтүгү жок. Ургаачысы жумурткасын (уругун) сууга таштап, алар сууда уруктанып, өөрчүйт. О. о. 2 классчага же түркүмгө (миногарлар жана миксиндер) бөлүнөт. Алар - балыктардын эктомителери же жырткычтары.
ОЙРОТ БИРИМДИГИ (15-к-дын башы) - батыш моңгол урууларынын саясий түзүлүшү. Н. Бичурин, В. Бартольд ж. б. окумуштуулар О. б-н «биримдик», В. Рязановский, К. Костенков ж. б. «союз» деп түшүндүрсө, Б. Я. Владимирцев моңголдордун «ойрад» (калм. «өөрд» - «жакын») деген сөзүнүн маанисине карап, европалык ориенталисттер «союздаш» деп түшүнгөнүн, иш жүзүндө ойрот союзу болбогонун эскертет. Кытайдагы Юанъ династиясынын кулашы (1368) Батыш Моңголиядагы ойрот (чорос, тыргоот, хошут, дөрбөт) урууларынын күч алышына алып келген. Эсендин (1440-55) тушунда Балхаш көлүнөн Улуу Кытай дубалына чейинки аймакты кучагына алган О. б. түзүлгөн. 1468-жылы Алтайдын чыгышындагы Таш-Туранду деген жерде Манцухай-Сайн-Хатун жетектеген моңголдордун колунан жеңилгенден кийин ойроттордун бир бөлүгү түндүк-батышка, экинчи бөлүгү түштүккө, Акбаржин (Абабарци-чинсанг) башында турган сибирь кыргыздары Чыгыш Тянь-
Шаңдын тоолуу р-ндоруна (Комул, Баркөл) көчүп, 0. б. майда ээликтерге ажырап кеткен, к. Жуңгар хандыгы.
Ад.: ГрумТржимайло Г. Е. Западная Монголия и Урянхайский край. Т. 2. СПб., 1926; Златпкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635-1758 гг.). 2-е изд. М., 1983. Э. Турганбаев.