НЫМДОО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НЫМДОО - суюктуктун катуу нерсе же башка суюктуктар менен тийишкен чегиндеги кубулуш. Суюктуктун берилген нерсени нымдоосу же нымдабоосу суюктук менен катуу нерсенин молекулаларынын ортосундагы өз ара тартышуу
күчтөрүнө көз каранды. Эгерде суюктуктун молекулаларынын өз ара тартышуу күчү суюктук менен

катуу нерсенин молекулаларынын ортосундагы өз ара тартышуу күчүнөн кичине болсо, суюктук катуу нерсени нымдайт. Термодинамикалык көз караш боюнча Н-нун чени катары чектик бурч (и) кабыл алынган. Катуу нерсеге тамчылатылган суюктук анын бети боюнча жайылат жана бир аз убакыттан кийин тең салмактуулукка келет, токтойт (мисалы, чиймеде О чекити). Бул тең салмактуулук шарты: Рк=Рсг-соз&+Ркс (1). Мында Ө - чектик бурч катуу нерсе менен суюктук бетине жүргүзүлгөн жанымалар арасындагы бурчка барабар; Ркг, Рсг, Ркс - тиешелүү фазалар ортолук беттин беттик тартылуу күчтөрү. Жогорудагы (1) барабардыкты аиг=асг-со8Ө+аг.с (2) түрүндө да жазууга болот. Мында ак., а , акс - тиешелүү фазалардагы ортолук беттердин беттик тартылуу коэффициенттери. Чектик бурч дайыма суюктуктун ичи боюнча жүргүзүлөт жана (1) же (2) формулалар боюнча аныкталат: Ө=(ак-асг)/асг (3). Эгерде (,акг-асг)>асг болсо, созӨнын эч бир маанисинде тең салмактуулук болбойт жана суюктук Р - күчүнүн чоңдугунун натыйжасында катуу нерсенин бети боюнча жайылат, башкача айтканда нымдайт. Ө=0 болгондо толук нымдайт, ал. эми 90°>Ө>0 болгондо толук эмес нымдайт: Эми (акг - ас.)>акс болгондо суюктук нерсени нымдабайт, башкача айтканда 0<Ө<180° болгондо нерсе нымдалбайт. Н. өнөр жайда, боёо, тазалоо жана сырдоо иштеринде кеңири колдонулат.